Кыргыз дасторкону

Кыргыз дасторкону

Керектүү жерлер боюнча
Башкы бет  →  Эмне кылуу  →  Кыргыз дасторкону
Кыргыздын заманбап дасторкону түрлүү тамак ашка бай. Анткени ал бир гана кыргыздын көчмөн маданиятынан калган тамак аштарды гана эмес, отурукташкан түрк тектүү калктардын тамактануу маданиятынан да үлгүлөрдү камтыйт.

Мал багып, көчүп жүргөн эл болгондуктан, салттуу кыргыз дасторконунда негизинен эт жана сүт аштары көбүрөөк жерди ээлейт. Баштапкы табигый турпатынан жана даамдык сапаттарынан көп өзгөрүүгө учурабаган бул тамактар өтө тоюмдуу жана жогору калориялуу келет.

Тамакта көбүнчө кой, уй жана жылкы эттери колдонулат. Майда тууралган этке бираз шорпо жана шорподо кайнатылган колдун кесмесин аралаштыруу менен жасалган бешбармак – кыргыздын эң сүйүктүү жана сыйлуу тамагы. Жылкынын ичегиси, казысы жана кабырга этинен жасалган чучук болсо дүйнөгө таанымал кыргыздын эң мыкты деликатеси.

Уйдун сүтүнөн каймак, май жана айран, быштак, курут сыяктуу кычкыл сүт азыктары даярдалат. Колдонордун алдында сүт сөзсүз кайнатылат. Жайкысын болсо ат сүтүнөн баарыбыз жакшы билген кымыз жасалат. Кыргыздар кымызды суусунду кандыруудан тышкары дарылык касиетине карап ичишет.

Дан өсүмдүктөрүнөн кыргыздар негизинен нан жана тоюмдуу, кубаттандыруучу жана сергитүүчү максым жана бозо сыяктуу суусундуктарды жасашат.

Заманбап кыргыз дасторконуна болсо көп жылдар бою жуурулушуп жашап келген боордош өзбек, тажик, уйгур, дунган, орус жана кавказ калктарынын тамак-аш маданияттары чоң салымын кошкон. Учурда палоо, самсы, лагман, ашлям-фу, манты, куурдак жана шашлык сыяктуу тамактар калктын калың катмарынын күнүмдүк рационунан орун алган.

Анан, албетте, чай. Кыргызстанда ар бир тамакты сөзсүз чай коштойт. Негизинен көк жана кызыл чай ичилет. Кызыл чайга каалооңузга жараша сүт кошсоңуз да болот.

Кыргыз дасторкону: Hotels

[an error occurred while processing the directive]