Кышкы эс алуу

Кышкы эс алуу

Керектүү жерлер боюнча
Башкы бет  →  Эмне кылуу  →  Кышкы эс алуу

Табигый климаттык шарттар, кардын молдугу, жогорку көрсөткүчтөгү трассалар жана, албетте, тоо лыжа курортторунун мыкты тейлөө деңгээли Кыргызстанды Орто Азиянын тоо лыжа туризминин борборуна айландырды. Жыл сайын жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келген туристтердин саны артууда.

Өлкөбүздө эс алууга тиешелүү бардык кызматтарды сунган ондон ашык тоо лыжа базасы иштейт. Эң көрүнүктүүлөрү: Каракол, ЗиЛ, Орловка, Төө Ашуу жана Чункурчак тоо лыжа базалары.

Трасса тышында лыжа тебүүнү артык көргөндөр адам буту тийбеген Тянь Шань тоолорунун боорлорунда фрирайд менен кумарларын кандыра алышат. Каракол, Жыргалаң, Суусамыр жана Арсланбоб тоо боорлору фрирайд сүйүүчүлөрүнүн мекени десе болот.

Ал эми, эгер тоо лыжа базаларынын трассаларын таптап, фрирайддын ырахатын алган болсоңуз, анда хелиски менен сиз фрирайддын жаңы деңгээлине жете аласыз. 4000 метрден бийик карлуу чокуларга вертолет менен жеткирилген соң адамдын колу тийбеген жаратылыштын укмуштуу кооздугун жана из түшө элек түрлүү түшүү жолдорун көрүп айран каласыз.

Кышкы тоо эс алуусу декабрь айында башталып, марттын аягына чейин созулат.

[an error occurred while processing the directive]