Альпинизм

Альпинизм

Керектүү жерлер боюнча
Башкы бет  →  Эмне кылуу  →  Альпинизм

Тоолор Кыргызстандын территориясынын 95%ге жакынын ээлейт. Дүйнөдөгү эң ирилердин катарындагы Тянь Шань жана Памир тоо системаларына караган бул тоолор альпинисттерге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.

Көк тиреген чокуларды багындыруу максатында жылына миңден ашуун альпинист Кыргызстанды тандашат. Алардын эң атактуулары: Жеңиш (7439 м), Хан Теңири (7010 м) жана Ленин (7134 м). Жеңиш чокусу - эң бийик жана катаал метео шарттарына байланыштуу чыгуусу эң оор чоку. Ал эми экинчи бийик Ленин чокусуна чыгуу тескерисинче алда канча жеңил жана күчтүү техникалык жана жарактык даярдыкты талап кылбайт. Хан Теңири чокусу болсо дүйнөдөгү чокулардын элиталык тизмесине кирет жана өзүн чыныгы альпинистмин деп атагандар бул чокуну сөзсүз багындыруусу керек.

Жогоруда айтылгандардын тышында Каракол, Б. Ельцин, Өгүз Башы чокулары (Терскей Ала Тоо), Ак Сай мөңгүсү (Кыргыз Ала Тоо), Манас чокусу (Талас тоо кыркасы), Каравшин, Ак Суу (Түркистан тоо кыркасы) жана Дугоба капчыгайлары (Алай тоо кыркасы) бийиктик спортчуларынын бүйүрүн кызытып келет.

[an error occurred while processing the directive]