Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Керектүү жерлер боюнча
Башкы бет  →  Эмне кылуу  →  Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары Кыргызстандагы туризм жаатында эл аралык деңгээлдеги эң ири долбоорлордун бири. Долбоордун максаты, көчмөн элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын жандандыруу жана сактоо, көчмөн цивилизациясынын улуулугун даңазалоо.

Биринчи Оюндар 2014-жылдын 9-14- сентябрында Кыргызстандын бермети көгүлтүр Ысык Көлдүн жээгинде болуп өттү. Оюндарга дүйнөнүн бардык континенттеринен 19 өлкөнүн спортсмендери катышышты. Оюндар, мурда эч бир ири спорттук ишчарада аттары чыкпаган этникалык спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин таптакыр жаңы форматы болгону менен айырмаланды.

Долбоордун алкагында көчмөн цивилизациясынын байлыгын, улуулугун айгинелеген концерттер, фестивалдар жана конференциялар уюштурулду.

 Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары кайрадан Кыргызстанда 2016-жылдын 3-9 сентябрында Ысык Көлдүн жээгинде өтмөкчү. Анда 40тан ашуун өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

[an error occurred while processing the directive]