Башкы бет  →  Дестинация Жыргалаң

Дестинация Жыргалаң

Кереметтүү Жыргалаң өрөөнү Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Каракол шаарынан 60 км алыстыкта жайгашкан. Жыргалаң өрөөнүнүн укмуштуудай көрүнүшү жайында ачылат. Өрөөнгө киргенде сиз тоонун таза абасын сезесиз жана күн нуру менен жарыктанган тоо чокуларынын айтып жеткис сүрөтүн көрө аласыз. Альпинизм - треккинг... Ооба десеңиз, анда бул укмуштуу тур сиз үчүн. Мезгил алмашкан сайын өрөөн бийик тоо кыркалары менен курчалган кышкы пейзажга айланат. Тунук тоонун боорлорунда жана эң сонун шарттарда калың кардын үстүндө жүрүү - фрийдинг ырахатынын туу чокусу. Жыл бою, сиз саякатыңызды качан пландаштырбаңыз, ынтымактуу жергиликтүү тургундар сизди маданий каада-салттарга сүңгүүгө чакырып, муундан-муунга сакталып келген кыргыздын меймандостугун сезесиз.

Булак: https://jyrgalan.com/ru/

[an error occurred while processing the directive]