Жөө Жүрүш

Жөө Жүрүш

Керектүү жерлер боюнча
Башкы бет  →  Эмне кылуу  →  Жөө Жүрүш

Жаратылышыбыздын ажайып кооз аймактарына суктануу, ошондой эле тоодо чатырларды тигип коюп, түнкүсүн очоктун башында шашпай отуруп маектешүү менен өткөн эс алууга не жетсин. Өзгөчө, жөө жүрүшчүлөр бул эс алуунун түрүн жакшы билишет эмеспи.

Кыргызстанды жөө жүрүшчүлөрдүн бейиши деп атаса болот. Буга өлкөнүн тоолуу рельефи, жылдагы күнөстүү күндөрдүн көптүгү жана өлкөбүздүн дээрлик бардык дубандарында ар кыл деңгээлдеги жүрүш багыттарынын арбындыгы өбөлгө түзөт.

Капчыгайлар, тоо көлдөрү, шар аккан дарыялар, аскалуу аймактар жана бийик карлуу ашуулардын кооздугу жөө жүрүшчүнүн жүрөгүндө унутулгус жылуу сезимдерди гана калтырары талашсыз.

Жөө жүрүшчүлөр эң көп барган жерлер:

- түндүктө: Ала Арча, Аламүдүн, Ысык Ата, Чоң Кемин, Алтын Арашан, Каракол капчыгайлары, Эки Нарын өрөөнү, Соң Көл платосу, Талас кырка тоолору;

- түштүктө: Каравшин капчыгайы, Чаткал өрөөнү, Арсланбап аймагы, Сары Челек көлү, Айгүл Таш тоосу ж.б.

Жөө Жүрүш: Hotels

Green Forest
Green Forest
Talas
[an error occurred while processing the directive]