Бүркүт менен аң уулоо

Бүркүт менен аң уулоо

Керектүү жерлер боюнча
Башкы бет  →  Эмне кылуу  →  Бүркүт менен аң уулоо

Кыргызстан, алгыр куш менен чыныгы аңга чыгуу мүмкүн болгон сейрек өлкөлөрдөн бири.

Жырткыч кушту таптоо оңой эмес. Ал эми бүркүттү таптоо өзгөчө сабырдуулукту жана чебердикти талап кылат.

Бүркүт менен көбүнчө эликке, түлкүгө жана башка андан майдараак жаныбарларга чыгууга болот. Жакшы үйрөтүлгөн ылаачын уларды ала алат, ал эми жакшы тапталган бүркүт карышкырды багынтканга күчү жетет. Кыргызда ак илбирсти алган даңктуу бүркүттөр тууралуу уламыштар дагы эле бар.

Бүркүт менен аңга чыгуу мезгили октябрь айында башталып, февраль айында бүтөт. Аңчы менен бирге чыныгы аң уулоого чыгуу азыр каалаган кишинин капчыгына туура келе бербейт. А бирок бул эзелтен келаткан ата бабабыздын мурасын сактап калуу максатында жыл сайын өлкөбүздүн белгилүү жерлериинде мүнүшкөрлөрдүн жарыштары өтөт. Куш менен аңчылыктын чыныгы чеберлерине дал ошол жерде күбө боло аласыз. Ал эми каалаган туристтер үчүн жер жерлерде атайы көрсөтмө шоу программалар уюштурулат. Аң катары коен, көгүчкөн жана түлкүнүн териси колдонулат.

[an error occurred while processing the directive]