![Чункурчак Тоо Лыжа Базасы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467881425_0.jpg?itok=Bu5l8xDS)
![Чункурчак Тоо Лыжа Базасы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/541467881424_big.jpg?itok=XwKVGPlW)
Чункурчак Тоо Лыжа Базасы Бишкек шаарынан 30 км алыстыктагы теребели кооз Чункурчак капчыгайында жайгашкан жаш, өнүгүп келаткан тоо лыжа базаларынын бири. Базанын эң башкы артыкчылыктары – шаарга жакындыгы, тейлөө объекттеринин территория ичинде орундуу жайгашуусу жана үйрөнчүктөр үчүн ылайыктуу трассалары. Ушунун баары тең үй бүлөлүк эс алууга абдан ыңгайлуу шарттарды түзөт. Базада отургучтуу 4 көтөргүч иштейт. Базанын аймагында кафе-бистро, лыжа ижара пункту, медункт жана балдар оюн зоок бурчу иштейт. Лыжа тебүү сезону: декабрь – март.