

Таш-Рабат тарыхый кербенсарайы Нарын шаарынан 110 км түштүктө Кара Коюн капчыгайында деңиз деңгээлинен 3200 м. бийиктикте орун алган. XV-кылымга таандык бул уникалдуу архитектуралык эстелик Улуу Жибек жолунда жайгашкан. Орто кылымдарда Чүй жана Фергана өрөөндөрүн Кашгар менен байланыштырып турган соода жолунда соодагерлер менен саякатчылар бул кербенсарайга токтоп өтүшчү.