Нарын Коругу

Нарын Коругу

Кайда баруу : Нарын облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  Нарын Коругу

Нарын мамлекеттик коругу Нарын облусунун чыгышында, Чоң Нарын менен Кичи Нарындын кошулган жеринен чыгышты карай 11 км аралыктан башталып, Нарын Тоонун түндүк бетиндеги токойлуу массивди ээлейт. Коруктун жалпы аянты 24969 га., мындан сырткары ага жанаша жаткан 53388 га аянт коргоо зонасы болуп эсептелет. Корук бул аймактын табиятын бузбай, өз абалында сактоо максатында түзүлгөн. Мында жаныбарлардын 50 түрү жана өсүмдүктөрдүн 1870 түрү кездешет. Өсүмдүктөрдөн карагай, четин, тал, итмурун, карагат, акчечек, арча ж.б. өсөт. Мында Кыргызстандын башка аймактарында жашабаган марал бар; андан башка тоо эчки, аркар, кулжа, элик, аюу, карышкыр, илбирс, сүлөөсүн, суусар, тыйын чычкан ж. б. мекендейт.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]