

Эки Нарын өрөөнү, Нарын шаарынан 45 км. аралыкта, Нарын дарыясынын эки куймасы кошулган жерде, деңиз деңгээлинен 2000 м. бийиктикте жайгашкан. Негизинен токой аралашкан шалбаалуу талаа жана жайыт мүнөздүү. Нарын коругуна караштуу бул өрөөндү аю, каман, тоо теке жана илбирс жердейт.