![ЧАТЫР КӨЛ](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467281390_0_0.jpg?itok=j8yZvM_R)
![ЧАТЫР КӨЛ](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/361467281390_big_1.jpg?itok=jbg4udg6)
Чатыр Көл түштүктө Торугарт тоо кыркалары жана түндүктө Ат Башы тоо кыркаларынын арасында, деңиз деңгээлинен 3530 м. бийиктикте жайгашкан. Узундугу 23 км., туурасы 11 км. созулган, аянты 170,62 км 2 ., тереңдиги 20 метрге жетет. Кышкысын катуу суукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталат. Жазында тоодогу мөнгүлөрдөн эрип аккан кашка суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп, Чатыр-Көлгө куюп көлөмүн толтуруп турат. Көлдүн түштүк-чыгыш жээги саздак, түндүк жээги таштак, аскалуу. Көл үстүндө каз катары тарта сүзгөн жапайы өрдөктөр жана тоо каздары жүрсө, жээгинде бадалдуу тоо боорлоруна эчки-текелер, аркар-кулжалар мекендешет. Чатыр Көл Каратал-Жапырык мамлекеттик коругуна кирет.