Көл Суу Нарын облусунун Кытай менен чектешкен аймагында, Ички Теңир-Тooдо Какшаал-Тоо тармагы Сарыбелес тоосунда, деңиз деңгээлинен 3514 м. бийиктикте жайгашкан. Ураган тоо тектердин өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Аскалардын ортосунда калган көл 12 чакырымдан ашык созулуп жатат, туурасы 2 км. чейин жетет, тереңдиги 20 м. Көлдөгү суунун көлөмү жыл мезгилине карата өзгөрүп турат — дээрлик жарымына чейин соолуп калган көл сентябрга чукул кайрадан калыбына келет. Суу тузсуз келип, жашыл түс берип турат. Моторлуу кайык менен сейилге чыгып, көлдүн кооздугуна суктанууга болот.