Ыйык Матфейдин көрүстөнү

Ыйык Матфейдин көрүстөнү

Блог
Башкы бет  →  Блог  →  Ыйык Матфейдин көрүстөнү

Тарыхта Ысык Көл суусунун алдында Ыйса пайгамбардын эң жакын чырактарынан апостол Матфейдин көрүстөнү жатат деген гипотеза айтылып келет. Апостол Сирияда каза тапкандан кийин, III к. христиандардын тобу апостолдун сөөгүнө римляндыктар кордук көрсөтпөсүн деген максат менен аны алып, Орто Азияга алып келишкен. Сөөктү римдиктер келе албаган жерге көмүү керек эле. Ошентип жүрүп христиандар суусу таза ири көлдү табышкан дагы, жээгине монастырь куруп, апостолдун сөөгүн ошо жерге беришкен. Бирок кийинчерээк суу көтөрүлүп, монастырь менен көрүстөн суунун алдында калган. Гипотезага жөлөк болгон дагы бир нерсе – 1375 жылы чийилген Каталон картасы. Анда Орто Азия аймактарында Иссиколь аттуу көлдүн жанында монастырдын белгиси коюлган жана так ошо жерде Матфейдин көрүстөнү болгондугу тууралуу жазуу жазылган.

[an error occurred while processing the directive]