![Өзгөн Мунарасы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467279202_0.jpg?itok=zRIJKciW)
![Өзгөн Мунарасы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/1467279202_1.jpg?itok=QRjA9Ik5)
Мунара XII кылымда Караханийлер династиясынын борборуна айланган Өзгөн шаарында жайгашкан. XI-XII кылымдарга таандык Өзгөн тарыхый-архитектуралык комплексинин ичинде орун алган мунаранын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, урап отуруп, азыркы бийиктиги 27,5 м түзөт. Кыштан курулган мунара түрдүү оюм-чийим менен кооздолгон. Мунара сырттан келаткан душмандарды байкоо иретинде атайын кароол мунара катары курулган жана азан айтып элди намазга чакыруу максатында тургузулган.