![Кыргыз-Ата Улуттук Паркы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467278969_0.jpg?itok=OQtc2eGy)
![Кыргыз-Ата Улуттук Паркы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/21467278969_big.jpg?itok=YiOX3TtL)
Кыргыз Ата Улуттук Паркы Ош шаарынан 40 км аралыкта, Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы арча токойлорунун жакшы сакталган орто бийик тоолуу аймакты камтыйт. Аянты 11172 га. Парк Памир-Алай тоо системасына мүнөздүү өсүмдүктөр жана жаныбарларды коргоо максаты менен уюштурулган. Кыргыз Ата Паркында активдүү эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.