![Алай Өрөөнү](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467279083_0.jpg?itok=aeBU3bJu)
![Алай Өрөөнү](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/1467279084_1.jpg?itok=2YShhv47)
Бийик тоолуу Алай өрөөнү Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн Алай жана түштүтүнөн Чоң Алай кырка тоолору менен чектешет. Деңиз денгээлинен орточо бийиктиги 3000 м, эң бийик жери чыгышында 3536 м (Тоо Мурун ашуусу), эң жапыз жери батышында 2440 м (Катта Карамык). Аянты 8,4 миң км 2 , узундугу 174 км, туурасы 3-40 км. Кургак жана суук климатка карабастан өрөөн шалбаалар жана жайыттарга бай.