![Абшыр Ата Шаркыратмасы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467279153_0.jpg?itok=I0s56elk)
![Абшыр Ата Шаркыратмасы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/41467279153_big.jpg?itok=Tf2KXhXY)
Ош шаарынан 70 км аралыкта, деңиз денгээлинен 1500-2500 м бийиктикте жайгашкан Абшыр Сай өрөөнүндө табышмактуу Абшыр Ата шаркыратмасы орун алган. Шаркыратмага жетиш үчүн капчыгайдагы дарыянын бою менен болжолдуу 3 км басыш керек. Шаркыратма 35 м тик асканын боорунан жерден 12-15 м бийиктикте, диаметри 1,5- 2 м болгон тешиктен дүркүрөгөп суурулуп агып түшөт. Минералдык туздарды камтыган суу шыпалуу деп эсептелет.