ЖЕТИ ӨГҮЗ

ЖЕТИ ӨГҮЗ

Кайда баруу : Ыссык-Көл облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  ЖЕТИ ӨГҮЗ

Жети Өгүз капчыгайы Ысык Көлдүн түштүк жээгинде, Каракол шаарынан түштүк- батышка карай 28 км аралыкта, Терскей Ала Тоонун түндүк капталында аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен кызыл аскалардан улам ал Жети Өгүз деген атка ээ болгон. Капчыгайдын киришинде «Жарылган жүрөк» деп аталган кызыл асканы жандай арзышкандар дайыма сүрөткө түшүшөт. Капчыгайда 2200 м бийиктикте өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атактуу Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Капчыгайда деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте Кыздын Көз Жашы шаркыратмасы жайгашкан. Аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, кыздын бетинен аккан көз жаштары сымал 40 м жардан сүзүлүп түшөт.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]