

Эл ичинде Григорьев капчыгайы деп да аталат. Ысык-Көлдүн түндүгүндө, Чолпон Ата шаарынан 60 км алыстыкта, Күңгөй Ала Тоо кыркасынын карагайлуу этектеринде жайгашкан. Капчыгай Ысык Көлгө келген эс алуучулардын эң сүйүктүү жерлеринен болуп эсептелет. Капчыгайдын жогорку бөлүгүндө көз жоосун алган 3 бийик тоо көлдөрү орун алган.