![Ала Көл](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467280519_0.jpg?itok=H_7RSty5)
![Ала Көл](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/1467280519_1.jpg?itok=_3gVOekw)
Ала Көл Терскей Ала-Тоонун тоо кыркаларынын арасында, деңиз деңгээлинен 3532 м бийиктикте жайгашкан. Мөңгү суусунан жаралган көлдүн аянты 1,5 км 2 жетпейт, тереңдиги 70 м ашат. Көл шамалга, күн нуруна жана аба ырайына жараша өңүн өзгөртүп, кулпуруп турат.