ЫСЫК-КӨЛ

ЫСЫК-КӨЛ

Кайда баруу : Ыссык-Көл облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  ЫСЫК-КӨЛ

Кыргызстандын бермети Ысык-Көл аскасы асман тиреген Терскей жана Күнгөй Ала-Тоолорунун арасында орун алган. Ысык–Көл аталышынын «жылуу, кышта муз баспаган көлдөн» тышкары байыркы кыргыз тилинде «ыйык көл» деген мааниси да бар. Кыргыздар эзелки кылымдарда «Ата-бабалардан калган ыйык көл» деген түшүнүк менен көлгө сый мамиле кылышкан. Деңиз дегээлинен 1609 м бийиктикте жайгашкан Ысык- Көлдүн аянты 6236 км 2 түзөт, орточо тереңдиги 300 м (эң терең жери 688 м). Көлөмү жана тереңдиги жагынан Ысык-Көл дүйнөдөгү эң ири жана эң терең тоо көлдөрүнүн арасына кирет. Туш тарабы тоолор менен курчалган көл жээги өзгөчө көрктүү. Климаты мелүүн, абасы таза жана нымдуу. Жээгинде жайгашкан ар түрдүү ооруларды айыктыруучу курорттор жана эс алуучу жайлар менен Ысык-Көл туризмдин борбору.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]