ТУЗ КӨЛ (КАРА КӨЛ)

ТУЗ КӨЛ (КАРА КӨЛ)

Кайда баруу : Ыссык-Көл облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  ТУЗ КӨЛ (КАРА КӨЛ)

Туз Көл (Кара Көл деп да аталат) – Кыргызстандагы эң туздуу көл. Ысык Көлдүн түштүк жээгиндеги Кара Коо айылынын жанында, деңиз деңгээлинен 1609 м бийиктикте жайгашкан бул көлдүн периметри 1500 м, тереңдиги 11 м. Көбү Туз Көлдү Израилдеги Өлүк Деңиз менен салыштырат. Курамындагы туздан улам суунун тыгыздыгы ушунчалык жогору болгондуктан киши чөкпөйт. Кээ бир маалыматтарга караганда, 1 литр суудагы туздун көлөмү 132 г. Көлдүн туздуу жана минералдуу суусу псориаз жана башка тери ооруларын, гинекология жана сөөк- булчуң ооруларын дарылоодо жардам берери аныкталган. Көлдү жээктей микроорганизмдердин таасиринде пайда болгон жана илгертен бери терапиялык жана косметикалык максаттарда колдонулуп келген чөгүндү баткактар бар.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]