

Манас чокусу Талас Ала Тоосунун эң бийик жери (4482 м). Талас Ала Тоосунун батыш бөлүгүндө жайгашкан жылаңач чокунун капталдары өтө тик, кар-мөңгү токтобойт. Улуу Манас баатырдын аты менен аталган төбө, атына заты жарашып жеңилбестиктин символу болуп саналат. Тик беттеринен улам чокуну багындыруу өтө көп күч жана эрк талап кылат.