

Киров суу сактагычы Талас облусунда Чон Капка капчыгайында жайгашкан. Суу сактагычтын аянты 39 км 2 ., узундугу 256 м., бийиктиги 86 м., тереңдиги 7 м. Курулушу 1975 жылы бүткөн бул объект Кыргызстан жана Казакстандагы айдоо жерлердин сугатын камсыз кылуу үчүн курулган. Суу сактагычтын жээги эс алуу жана балык кармоо үчүн ыңгайлуу.