![Беш Таш Улуттук Жаратылыш Паркы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1468256199_0.jpg?itok=gWBclBUN)
![Беш Таш Улуттук Жаратылыш Паркы](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/1468256200_1.jpg?itok=SZxe37qu)
Беш Таш Улуттук жаратылыш паркы Талас шаарынан 13 км алыстыкта, Беш-Таш дарыясынын эки тарабында жайгашкан. Аянты 32411 га. Уникалдуу табигый токойлорду жана бийик тоолуу шалбааларды сактап калуу үчүн уюштурулган корукта Кызыл Китепке киргизилген флора менен фауна топтолгон: илбирс, бүркүт, Евразия сүлөөсүнү, Гималай жорусу, ителги жана көк жору. Беш –Таш өзөнүндө кубулжума жилиңгир бар. Дениз денгээлинен 2997 м бийиктикте көгүлтүр Беш Таш көлү орун алган.