КЕГЕТИ КАПЧЫГАЙЫ

КЕГЕТИ КАПЧЫГАЙЫ

Кайда баруу : Чүй облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  КЕГЕТИ КАПЧЫГАЙЫ

Өсүмдүктөр дүйнөсү бай Кегети капчыгайы Бишкектен 75 км алыстыкта, Кыргыз Ала Тоо кыркасынын түндүк эңкейишинде орун алган. Бийик чөптүү шиберлер, бөрү карагат, четин, ит мурун жана карагайлуу токойлор капчыгайдын көркүнө көрк кошуп турат. Капчыгайдын ичи менен көптөгөн куймалары болгон Кегети дарыясы агат. Куймаларынын эң ириси болгон Көл Төр суусунун бою өзүнчө бир сулуу аймак. Кызыктуусу, Көл Төр өзөнү мореналардын алды менен келип, токой тилкесинде гүрүлдөп агып чыгат. Туристтик жактан алганда, Кегети чөлкөмүнүн жаратылыш жана климаттык шарттары жөө жүрүш жана пикник үчүн эң ыңгайлуу десе болот.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]