![ДУНГАН МЕЧИТИ](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467279974_1_0.jpg?itok=rLfAq6aZ)
![ДУНГАН МЕЧИТИ](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/1467279974_0_0.jpg?itok=ie_e1Awo)
Дунган мечити 1910-1912- жылдары тургузулган. Мечитти Ибрагим ажы негиздеп, аны салдырыш үчүн Пекинден атайы Чжоу-Сы баш болгон мыкты архитекторлорду алдырып келген. Мечиттин курулушуна айыл тургундары да жардам беришкен. Тек кабаттуу имараттын дубалына, чатырына бир да мык кагылган эмес. Мечит сырттан X кылымда кытай империясынын тушунда курулган архитектуралык имараттарга окшош. Мечиттин чатырынын учтарына ажыдаардын келбети орнотулган. Беттери жакшылыктын жышаанын билдирген өсүмдүктөрдүн жана жамандыктан коргоочу мифологиялык жандыктардын түстүү сүрөттөрү менен кооздолгон.