![Бурана](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467280723_0_0.jpg?itok=TzaoGOlJ)
![Бурана](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/251467280722_big_0.jpg?itok=djxaIj4D)
Tокмок шаарынын жакынында жайгашкан Бурана Караханийлер мамлекетинин борбору жана Чыгыштын улуу ойчулу, акыны, саясат таануучусу, “Кутадгу билиг” чыгармасынын автору Жусуп Баласагындын туулуп өскөн жери Баласагунда (IX-XIV к.) орун алган. Бурана XI-кылымдын башында мечит мунарасы катары курулган. Бара бара мечит толугу менен кыйраган, бийиктиги 45 м. жеткен мунара болсо XIV-к. катуу жер титирөөдө урап 25 метрга чейин кичирейген. Бурананын айланасында Баласагун шаарынан калган тарыхый эстеликтердин ачык асман алдындагы музейи уюштурулган.