Барскоон Капчыгайы

Барскоон Капчыгайы

Кайда баруу : Ыссык-Көл облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  Барскоон Капчыгайы

Барскоон капчыгайы Ысык Көлдүн түштүк жээгинде, Каракол шаарынан 90 км алыстыкта, Барскоон айылынын жогору жагында Барскоон суусунун жайылмасында жайгашкан. Капчыгайдын узундугу 10 кмге жакын. «Барстын көз жашы», «Шампан чачырандысы», «Манастын чөйчөгү» жана «Аксакалдын сакалы» аттуу кооз шаркыратмалары менен белгилүү капчыгайда 1965-жылы биринчи космонавт Ю. Гагарин токтоп, эс алып кеткен. Капчыгайда анын 2 эстелигин көрүүгө болот. Капчыгай аркылуу Кумтөр алтын кенине кеткен жол өтөт. Бул жол Кытайга өтчү Улуу Жибек Жолунун бутактарынын бири экенин, анын азыркы Барскоон айылынын ордунда VIII-XIII кк. гүлдөп турган Барскоон шаары аркылуу өткөнүн тарыхтын барактары тастыктап келет.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]