![Алтын Арашан Курорту](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/cover/public/1467279716_0_0.jpg?itok=TK4H4_-L)
![Алтын Арашан Курорту](https://www.discoverkyrgyzstan.org/sites/default/files/styles/hero/public/1467279716_1_1.jpg?itok=KopIWUAR)
Алтын Арашан капчыгайында деңиз деңгээлинен 2600 м бийиктикте Арашан дарыясынын өрөөнүндө Алтын Арашан курорту жайгашкан. Курорт минералдуу ысык булактардын негизинде курулган. Радондуу суу ванналары нерв, жүрөк-кан тамыр, эндокрин системаларынын жана таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын ооруларын айыктырууда колдонулат.