САРЫ ЧЕЛЕК КӨЛҮ

САРЫ ЧЕЛЕК КӨЛҮ

Кайда баруу : Жалал-Абад облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  САРЫ ЧЕЛЕК КӨЛҮ

Сары Челек көлү Бишкектен 500 км, Оштон 300 км аралыкта, Сары Челек Биосфера Коругунда Ат Ойнок жана Чаткал тоо кыркаларынын кошулган жеринде деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн аянты 507 га, узундугу 7,5 км, тереңдиги 234 м жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Кыргызстанда экинчи, ал эми Орто Азияда үчүнчү орунда турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар, көйкөлгөн карагайлар менен курчалган. Курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суусу көлгө куюлуп турат. Көлдун суу тепмпературасы жайкысын +19 °C, кышкысын +4 °C’тан 0 °C градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн аталышын бул уламыш чечмелейт: Илгери өткөн заманда бир балчы болуптур. Бир жылы жазында ал бал челектерин ажайып кооз көлдүн жээгине жайгаштырыптыр. Бал жыйноо маалы келгенде балчы балды челекке куюп жатып, анын алтындай сары түсүнө ушундай суктаныптыр. Ошондо аары багуучу боюнда түркүн күл жайнаган бул көрктүү көлгө Сары Челек деп ат коюптур. Бирок көлгө ысымды күз өзү ыйгаргандай! Күзүндө бак-дарактардын жалбырактары сары түскө боёлуп, туптунук көл суусунда күзгүдой чагылып, көлдүн бети жайылган сары килемди элестетет. Сарычелек Биосфера Коругу (аянты 23,8 миң га) ЮНЕСКО тарабынан биосфера коруктарынын эл аралык тармагына киргизилген. Коруктун негизги милдети – мөмө- жемиштүү жаңгак токой комплексин, анын фаунасын калыбына келтирүү, изилдөө жана коргоо.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]