АРСЛАНБАБ ЖЕМИШТҮҮ ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУ

АРСЛАНБАБ ЖЕМИШТҮҮ ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУ

Кайда баруу : Жалал-Абад облусу
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  АРСЛАНБАБ ЖЕМИШТҮҮ ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУ

Табияттын уникалдуу туундусу Арсланбаб жемиштүү жаңгак токойлору Жалалабад шаарынан 50 км түндүктө, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан. Жалпысынан 608,5 миң га жерди ээлеген бул гүлдөгөн оазисте 130 ашуун бак-бадал түрү өсөт, бирок негизги өсүмдүк - жаңгак. Жаңгак дарагы жылына 200-400 кг жемиш берет. Эл оозунда айтылып жүргон уламышка караганда, биздин эрага чейин 329-жылы бул жерге келген Александр Македонский Арсланбабда жеген жаңгак жемишин жактырып, алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен. Ошондон улам жаңгактын бул түрү «грек жаңгагы» деп аталып калган экен.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]