

Каравшин капчыгайы Түркстан кырка тоосу тармагында жайгашкан. Корум таштуу жана жылаңач аскалуу тоолору, таштан-ташка урунуп аккан суулары, мөлтүрөгөн таза булактары, шалбаалуу талаалары менен Түштүк Америка талааларын элестет. Экстремалдуу эс алуу суйөрмандарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон бул капчыгай «Азия Патагониясы» деген ат менен да белгилуу.