Г. Айтиев атындагы Көркөм Өнөр Музейи

Г. Айтиев атындагы Көркөм Өнөр Музейи

Кайда баруу : Бишкек
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  Г. Айтиев атындагы Көркөм Өнөр Музейи

Музей 1935-жылдын 1-январында негизделген. Негизин Третьяков галереясынан жана Эрмитаждан тандалып келген орустун 72 сүрөтчүсүнүн чыгармалары түзгөн. Бирок, эң башкысы, музейде советтик жана заманбап Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн жана скульпторлорунун чыгармалары жана ошондой эле кыргыз элинин салттык көркөм жана кол өнөр искусствосунун жандуу үлгүлөрү көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. Экспонаттарды көрүп отуруп, кыргыз маданиятынын жана искусствосунун өнүгүү жана профессионалдуу көркөм өнөр искусствосунун улуттук багытынын пайда болуу этаптарын баамдоого болот. Музейдеги белгилүү чыгармалардын авторлорунан Г. Айтиевди, С. Чуйковду, С. Акылбековду, Л. Ильинаны, Т. Садыковду, Т. Герценди и ж.б. белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө музейдин көргөзмөсүндө 18 миңдей экспонат бар жана ал системалык түрдө Кыргызстандык искусство адамдарынын чыгармалары менен толукталып келет.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]