

Ай Көл Түркистан кыркасынын түндүк бетинде деңиз денгээлинен 3000 м бийиктикте орун алган. Жалпы аянты 0,82 км 2 . Көлдүн кооздугу менен алыстан гана суктанууга болот, анткени тик аскалар менен курчалган көлдун жээгине баруунун мүмкүнчүлүгү жок. Көлго тоодон эки агын суу куят.