
Жеңиш чокусу (7439 м) – эң бийик жана катаал метео шарттарына байланыштуу чыгуусу эң оор чоку.
Экинчи бийик Ленин чокусуна (7134 м) чыгуу тескерисинче алда канча жеңил. Хан Теңири чокусу (7010 м) болсо дүйнөдөгү чокулардын элиталык тизмесине кирет жана өзүн чыныгы альпинистмин деп атагандар бул чокуну сөзсүз багындыруусу керек.