Дүйнө көчмөн калктарынын этникалык спорт боюнча таймаштарын жана маданий баалуулуктарын бир жерде бириктирген дүйнөдөгү эң биринчи жана жалгыз иш чара. Биринчи Оюндар 2014 жылы кыргыз бермети Ысык Көлдүн жээгинде болуп, ага 19 өлкө катышкан. Ал эми Экинчи Оюндар 2016-жылдын 3-9 сентябрында Ысык Көлдүн жээгинде өтүүсү жана бул сапар 40тан ашуун өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.