СУЛАЙМАН ТОО

СУЛАЙМАН ТОО

Where to go: Ош облусу
Homepage  →  Where to go  →  СУЛАЙМАН ТОО

Ош шаарынын борборунда заңкайып турган Сулайман Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Уламалардын жазгандарында, айрым тарыхый булактарда жана эски кол жазмаларда жалпы саны 124 миңге жеткен пайгамбарлардын ичинен эң белгилүү 366 пайгамбардын Сулайман Тоого келип кеткендиги белгиленген. Бул тоо байыртан эле касиеттүү, ыйык, таазим этүүчү жай болуп эсептелинген. Бул жагдайга сакталып калган петроглифтер да күбөлүк кылат. Боорунда жана чокусунда ар башка доорго таандык тарыхый эстеликтери менен Сулайман Тоо бир бүтүн тарыхый- археологиялык комплексти түзот. Бул комплекс бир нече үңкүр, Тахт-и Сулайман мечити, Рават Абдуллахан мечити, Асаф ибн-Бурхия күмбөзү, тарых музейи жана башка объекттерди камтыйт. Ар бир объект уламыштарга жана кызыктуу маалыматтарга оролгон уникалдуу ритуалдык жерге айланган.

Gallery

[an error occurred while processing the directive]