
Орто кылымдарга таандык ири соода шаары болгон Невакетте (Краснореченск) археологиялык казуулардын натыйжасында Будданын «нирвана» позасындагы чоподан жасалган 12 метрлик статуясы табылган. Кийинчерээк статуя Санкт Петербург шаарындагы Мамлекеттик Эрмитажга жеткизилген.