АЙГҮЛ ТАШ TООСУ

АЙГҮЛ ТАШ TООСУ

Où aller: Баткен облусу
Page d'accueil  →  Où aller  →  АЙГҮЛ ТАШ TООСУ

Айгүл Таш тоосу Кара Булак айылына кире бериште жайгашкан. Бул таштак тоонун тескей тарабында бийиктиги 1 метрге чейин жеткен, желекчелери сары кызыл түстүү, коңгуроону элестеткен ажайып кооз Айгүл апрель айынын орто ченинде гүл ачат да бир ай ичинде кайра гүлүн таштайт. Жергиликтуу калк арасында айтылган уламышка караганда, илгери Айгүл аттуу сулуу кыздын сүйгөн жигити согушта жанын берет. Күйүтүнө чыдабаган жаш кыз тоодон секирип жарыкчылык менен коштошот. Тоо-ташка жарылган денеден кан чачыраган жерде жазда өрттөй кызыл гүл ачат. Эл оозунда ал бажырайган гүлдөр Айгүл гүлү, кыз секирген тоого болсо Айгүл Таш деп аталып калат. Дүйнөнүн башка эч бир жеринде болбогон бул сейрек кездешүүчү ажайып гүл Кызыл китепке киргизилген.

Galerie

[an error occurred while processing the directive]