Ала Тоо Аянты

Ала Тоо Аянты

Wo hin: Бишкек
Startseite  →  Wo hin  →  Ала Тоо Аянты

Ала Тоо аянты Бишкек шаарынын так ортосунан орун алган. Кенен жана абдан кооз аянт шаар тургундарынын эң сүйүктүү жерлеринен болуп эсептелет. Аянттын толук комплексинин курулушу өткөн жүз жылдыктын 70-жылдарында аяктаган. Шаардагы болгон жогорку деңгээлдеги аземдер, майрамдык программалар жана митингдер так ушул аянтта өтөт. Аны Айкөл Манасты, Чыңгыз Айтматовду, Курманжан Датканы, жана Аксы менен Апрель окуяларында шейит кеткендерди дайыма эскерүү максатында тигилген эстеликтер кооздоп турат. Аянттын ортосунда 45-метрлик асаба заңкаят. Аянтты айланасынан Тарых Музейи, Эмен Паркы, Калктардын Достугу Эстелиги, Ачык Скульптура Музейи жана башка көптөгөн маданий жана рекреациялык объекттер курчап турат.

Galerie

[an error occurred while processing the directive]