МАНЖЫЛЫ АТА ӨРӨӨНҮ

МАНЖЫЛЫ АТА ӨРӨӨНҮ

Куда пойти: Ыссык-Көл облусу
Домашняя страница  →  Куда пойти  →  МАНЖЫЛЫ АТА ӨРӨӨНҮ

Манжылы Ата Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Кажы Сай жана Тоң айылдарынын ортосунда орун алган. Чопо дөбөлөрдүн арасында жер астынан чыккан булактардын суусу дарылык касиетке ээ. Ар бир булактын суусунда башка даам сезилет. Манжылы Ата жөнүндө бир уламыш муну баяндайт: Илгери дарыгерчилиги жана акылмандуулугу менен эл ичинде чоң кадыр-баркка ээ Манжылы деген адам жашаптыр. Ажалы жетип өлгөндө, сөөгү азыркы Манжылы Ата мазарына коюлуптур. Кийин эл ооруп же акыл-кеңешке муктаж болуп калышса, Манжылыны унутушпай, сөөгү коюлган жерге арыз-муңун айтып, бара бериптир. Ошондон улам Манжылы Атага эл зыярат кылып калган.

  

Галерея

[an error occurred while processing the directive]