Ата Бейит Мемориалдык Комплекси

Ата Бейит Мемориалдык Комплекси

Кайда баруу : Бишкек
Башкы бет  →  Кайда баруу  →  Ата Бейит Мемориалдык Комплекси

Ата Бейит Мемориалдык Комплекси Бишкектен 30 км алыстыктагы Чоң Таш айылында жайгашкан. Комплекс сталиндик репрессиялар убагында 19 улуттан 137 кишинин эч суракка алынбастан жана күнөө коюлбастан массалык түрдө атылып, көмүлгөн жердин базасында курулган. Өлгөндөрдүн денелери кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Бул кишилердин арасында кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөшкөн Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов (жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы), Хасан Жээнбаев, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер болгон. Эң кызыктуусу, жашыруун болгондуктан бул көмүү жери тууралуу 1990 жылдын башына чейин эч ким билген эмес жана Бүбүра Кыдыралиеванын баяны менен гана ачыкка чыккан. Өлгөндөрдүн ким экендиктери тууралуу жумуш жүргүзүлүп, 1991-жылдын 30-августунда сөөктөрү кайрадан жерге берилген.

Галерея

Жетүү жолдору

Other destinations

[an error occurred while processing the directive]