Кыргыз эли өзүнө таандык байыркы спорттун түрлөрүн көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп келет. Алардын бири –көк бөрү. Илгери бул жөн гана оюн болбостон болочок жоокерлерди даярдоонун бир ыкмасы болгон. Улак тартууга жүздөгөн атчан чыккан. 2001-жылы Эл Аралык Көк Бөрү федерациясы түзүлүп, штаб-квартирасы Бишкек шаары аталган.