Дунган мечити 1910-1912-жылдары тургузулган. Мечитти Ибрагим ажы негиздеп, аны салдырыш үчүн Пекинден атайы Чжоу-Сы баш болгон мыкты архитекторлорду алдырып келген. Мечиттин курулушуна айыл тургундары да жардам беришкен. Тек кабаттуу имараттын дубалына, чатырына бир да мык кагылган эмес.